Бишкекте 5-6-ноябрь күндөрү бардык билим берүү мекемелери аралыктан окутууга өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Түркиянын президентинин жана Венгриянын премьер-министринин Бишкекте боло турган мамлекеттик сапары жана Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине байланыштуу кабыл алынган.
Эске салсак, 6-ноябрда борбор калаада Түрк мамлекеттеринин уюмунун кезектеги он биринчи саммити өтөт. Саммитке уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары катышат.