Connect with us

Тажик милициясы 1500дөй көзү ачыкты кармады

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Ноя 2024 | 474 | 0

Тажикстандын күч органдары ири рейд жүргүзүп, көзү ачыктык жана сыйкыр менен алектенген 1500дөй жаранды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар президент Эмомали Рахмондун айткан маалыматына таянып жазды.

Эмомали Рахмон мындай масштабдуу рейд жасоого күч органдарына өзү тапшырма бергенин билдирген.

Ошондой эле тажик президенти күч органдары «динге берилгендик» (фанатизм) беренеси боюнча беш миңден ашык «чала молдону» тизмеге алганын да кошумчалаган.

Буга чейин Тажикстандын ички иштер министрлиги көзү ачык, бакшыларга кайрылган жарандарга карата да чаралар көрүлө турганын эскерткен. Айрыкча алардын кызматынан пайдалангандардын атайын базасы түзүлөрүн да айткан.

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM