Биз менен байланышыңыз

Президент «Дастан Сити» турак жай комплексинин курулушу менен таанышты

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 141 | 0

Президент Садыр Жапаров 10-октябрда Бишкек шаарынын 11-кичи районунда курулуп жаткан «Дастан Сити» турак жай комплексинин курулушу менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комплекс 2660 батирге ылайыкталган он жети кабаттуу 24 үйдөн турат.

Мамлекеттик ипотекалык компания менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин алкагында ага жашоого толугу менен даяр абалда 500 батир берилет.

Маалыматка караганда, курулуш көп жыл бою кароосуз калган карьердин ордунда пайда болгон таштанды полигону жайгашкан жерде жүргүзүлүп жатат. Бул аймактан тонналаган таштанды чыгарылган.

Долбоорго турак үйлөр гана эмес, соода борбору, бизнес-борбор да кирет, жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар каралган, балдар жана спорт аянтчалары, анын ичинде чоң футбол аянтчасы жана теннис корту, 280 орундуу бала бакчалары (ар бири 140 орундуу 2 бала бакча) бар турак жай комплекси болот.

Бүгүнкү күндө бир эле учурда 12 үй курулуп жатат, долбоордун аякташы 2028-жылга пландаштырылган.

Айрым маалыматтарда «Экспострой курулуш компаниясынын» кожоюндары Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындары экени айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM