Марал Радиосу

2-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

OLYMPUS DIGITAL CAMERA

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 2-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Эртең менен жана түшкө чейин Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Бийик тоолуу аймактардагы жолдо тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.

Exit mobile version