Connect with us

Испанияда селден каза болгондордун саны 158ге жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Ноя 2024 | 473 | 0

Испаниянын түштүк-чыгыш бөлүгүндө селден каза болгондордун саны 31-октябрда 158ге жетти. Мындан тышкары ондогон адамдар дайынсыз болууда. Валенсия аймагында эле кеминде 155 адам кырсыктын курмандыгы болуп, куткаруучулар аман калгандарды издөөнү улантышууда.

Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблестин айтымында көптөгөн адамдар дагы эле дайынсыз болууда. Жоголгон адамдардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди.

Куткаруу иштерине өрт өчүрүүчүлөр, милиция кызматкерлери жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринен тышкары 1200дөн ашуун жоокер тартылып, издөө иштеринде дрондор колдонулуп жатат.

Ошондой эле Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Валенсия менен Кастеллондун тургундарын үйдө калууга жана куткаруучулардын көрсөтмөлөрүн аткарууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM