Connect with us

Мектеп менен демөөрчүлөрдү жолуктурган билим кеңеши өтөт

Кыска кабар | 31 Окт 2024 | 283 | 0

Бишкекте 9-ноябрда мектеп менен демөөрчүлөрдү жолуктурган билим кеңеши өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Билим кеңешинин максаты —  аймактардагы билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулап, чечим издөө. Ошондой эле бул жолу талкуулана турган тема «Мектеп менен демөөрчүнү кантип табыштырабыз?» — деген аталышта өтөт. Анда аймактарга жеке менчик мектептерди салууга кызыктар ишкерлер, айылындагы мектебине салым кошууну каалаган жарандар, мектептерди башкаруучу адистер, билим берүү тармагындагы эксперттер катышат жана сөз сүйлөйт.

Иш-чаранын алкагында эл агартуу тармагында иш алып барган мекемелердин чакан көргөзмөсү уюштурулат. Өтүүчү жай Борбор Азия Америкалык Университети (Мейкерспейс окутуу борбору). Башталашы саат 09:30

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM