Connect with us

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 100дөн ашык киши чыкты

Кыска кабар | 30 Окт 2024 | 208 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин улантуу үчүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрнест Дыйканбаевдин жетекчилигинде жалпы 104 адам издөө иштерине 9 дрон менен чыгышты.

Анын ичинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 58 куткаруучу, 6 дрон тартылган.

ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан, Нарын облустук башкармалыгынан жана ага караштуу райондордун куткаруучулары жеринде издөө иштерин алып барышат. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин 20 милиция кызматкери 3 дрон менен, ал эми жергиликтүү тургундардан 26 адам издөөгө чыгышты.

Тартылгандар баары 20 топко бөлүнүп, жеринде иш алып барышат.

16-октябрь күнү ата-бала мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрда түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM