Connect with us

«Кулиевдин аты булганып жатат». Көчөлөргө адамдын атын берүүнү чектөө сунушталды

Кыска кабар | 30 Окт 2024 | 259 | 0

Депутат Жанар Акаев парламенттин 30-октябрдагы жыйынында шаар, айыл көчөлөргө адамдын атын берүүгө мораторий киргизүүнү сунуштады.

Ал учурда 17 айылдын аты мыйзам менен өзгөртүлүп жатса, анын он үчүнө адамдын аты коюлганын айтып, буга чектөө киргизүүнү өтүндү. Депутат көчөлөргө эмне үчүн адамдын атын койбош керектигин түшүндүрдү:

«Бишкек шаарында Кулиев деген көчө бар. Качан болсо «Кулиев көчөсүндө сойкулар кармалды, бычакташты» деген жаңылыктар чыгат. Кайсын Кулиев өзү акын, прозаик, журналист, аскердик кабарчы болгон. Бирок анын аты ушул көчөдөгү окуялар менен булганат», — деди депутат.

Ал келечекте көчөлөргө адамдын атын бербей, номур берүүгө өтүү керектигин кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште «Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM