Connect with us

Мэрия: «Оберон» базарлары ишин улантат

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 114 | 0

Бишкектеги «Оберон» жана «Оберон-Форт» базарлары кадимки режимде ишин улантат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Административдик соттун чечими менен жогоруда аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин карамагына өткөрүлдү. Эми алар “Муниципалдык токтотмолор жана базарлар” ишканасы менен келишим жаңыртылгандан кийин кадимки режимде иштеп, кийим-кече базары катары өз ишин улантат.

«Базардын кызматкерлерине базарлардын администрациясында жайгашкан мүлктөрдү инвентаризациялоого жана кызматкерлерге жеке буюмдарын алып кетүүгө убакыт берилди, — деп айтылат маалыматта.

Учурда базарлардагы соода объектилерин инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүп, соодагерлер менен келишим түзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

УКМК «Оберон» базарларынын мамлекетке өтүшү боюнча комментарий берди

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM