Connect with us

УКМК «Оберон» базарларынын мамлекетке өтүшү боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 29 Окт 2024 | 288 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.

Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган.

Тактап айтканда, «Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан.

Кылмыш ишинин алкагында, Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.

Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар мэриянын менчигине өткөрүлүп берилди. Муну менен наркы 3 млрд 889 млн 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылганы кабарланды.

Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөрү айтылды.

Учурда УКМК бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүлүп жатканы жана юридикалык баа берилери маалымдалды.

Copyright © 2017 Maral FM