Биз менен байланышыңыз

Парламенттин төрагасы өкмөт сунуштаган мыйзамдарга көзөмөл күчөтүлөрүн айтты

Кыска кабар | 3 Окт 2024 | 129 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Министрлер кабинетинин өкүлдөрүн мыйзам чыгарууда сапатка өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Бул тууралуу ал парламенттин 3-октябрдагы жыйынында айтты. Шакиев мындан ары сунушталган мыйзам долбоорлоруна көзөмөл күчөтүлөрүн, Министрлер кабинети мыйзам чыгаруу ишине жана парламентке карата мамилени өзгөртүшү керектигин билдирди.

“Жогорку Кеңеш учур талабына, шарт-жагдайга ылайык, Министрлер кабинети тарабынан сунушталган керектүү мыйзам долбоорлорун ыкчам түрдө колдоп берип келдик. Кабыл алынган мыйзамдар өнүгүүгө өбөлгө түзүп, Президент жана Министрлер кабинети өзү да белгилегендей, мамлекетибизде бир топ жылыштар болгону анык. Бирок мындан ары демилгеленген мыйзам долбоорлоруна карата көзөмөл күчөтүлөт. Эгер мыйзам чийки болсо же аны баяндамачылар айтып бере албай, тантырап олтурса кабыл албайбыз. Андыктан, Министрлер кабинети мыйзам чыгаруу ишине жана парламентке карата мамилени өзгөртүшү керек”, – деди Төрага Нурланбек Шакиев.

Мунун алдында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Долбоор боюнча маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Алмазбек Примов берди.

Мыйзам долбоорунда мамлекет акциялардын 50 жана андан ашык пайызына ээ болгон акционердик коом биринчи квартал, жарым жылдык, тогуз айдын жыйынтыгы боюнча жана жыл жыйынтыгы боюнча дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу деп сунушталган.

Талкуу маалында депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбооруна карата ишкерлердин пикири керектигин айтты. Эл өкүлү Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорунун жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү керектигин белгиледи. Депутат Бактыбек Сыдыков сунушталып жаткан норма учурда иштеп жатканын айтып, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.

Copyright © 2017 Maral FM