Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Лейлектин килемдери көргөзмөгө коюлду

Кыска кабар | 3 Окт 2024 | 149 | 0

Бүгүн, 3-октябрда Улуттук тарых музейинде «Лейлек килемдери – 2024» аталышында фестиваль-жарманке ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Ага Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова жана Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият жана искусство кызматкерлери катышты.

Фестиваль-жарманкенин негизги максаты, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, аймактар ортосундагы маданий-экономикалык байланыштарын чыңдоо жана бекемдөө, жаш чеберлерди көркөм улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүүсүнө кызыктыруу болуп саналат.

Көргөзмө 13-октябрга чейин уланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM