Биз менен байланышыңыз

УКМК Бишкекте 7 жаран «Йакын инкар» уюмунан чыкканын билдирди

Кыска кабар | 3 Окт 2024 | 136 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет тарабынан «Йакын Инкар» диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрүнө карата түшүндүрүү жана профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.

Атайын кызмат Бишкек шаарындагы «Йакын Инкар» диний-экстремисттик кыймылынын активдүү жети мүчөсүнө түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Маалыматка караганда, жарандар «Йакын Инкардын» идеологиясынын зыяндуулугун жана жаңылыштыгын толук моюнга алышкан, ошондой эле өз ыктыяры менен аталган диний-экстремисттик агымга мүчө болуудан баш тартышкан.

УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандыгы үчүн Кыргызстандын мыйзамдарында кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM