Биз менен байланышыңыз

4-октябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 3 Окт 2024 | 228 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 4-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. .

Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы  секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25

Баткен , Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +9…+11°, күндүз +24…+26° жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM