Биз менен байланышыңыз

Раззак Бейшекеев — Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет жаштар арасында дүйнө чемпиону

Кыска кабар | 23 Окт 2024 | 118 | 0

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинки жаштар арасында Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет Дүйнө чемпиону болду.

Спортчу Тирана шаарында (Албания) өтүп жаткан 67 кг чейинки салмакта жалпы 5 кармаш өткөрүп, бардыгында тең жеңишке жетти.

Бейшекеев финалга чейин албаниялык, азербайжандык, жапониялык, польшалык балбандарды ири эсеп менен артта калтырды. Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени 6:1 эсебинде жеңип, грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону аталды.

Раззак Бейшекеев 2021-жылы кадеттер арасында  Дүйнө чемпиону, Ал эми Азия чемпионатынын жана 2023-жылы өткөн Азия оюндарынын коло байге ээси.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM