Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 29-сентябрда бир катар көчөлөр жабылат

Без рубрики | 28 Сен 2024 | 21 | 0

Бишкекте 29-сентябрь күнү «Snow Leopard Run-2024» бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өтөт. Буга байланыштуу калаанын бир канча көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Жарым марафон борбордук көчөлөр аркылуу өтөт. Мындан улам эртең мененки саат 6:00дөн баштап бир катар жол жабылат:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;

— Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин;

— Иманалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин;

— Масалиев көчөсү Ж.Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов проспектисине чейин.

— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Ала-Тоо» аянтында 4500 адамдын катышуусунда башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM