Биз менен байланышыңыз

Молдовадагы президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2024 | 85 | 0

Молдовадагы президенттик шайлоого добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына ылайык, өлкөнүн азыркы президенти Майя Санду өлкөнүн мурдагы башкы прокурору Александр Стояногло менен бирге экинчи айлампага чыгат.

Борбордук шайлоо комиссиясы протоколдордун 98 пайызын иштеп чыккандан кийин Майя Санду 41,33 пайыз, Александр Стояногло 26,36 пайыз добуш алды.

Президенттик шайлоонун экинчи туру 3-ноябрда өтөт.

Шайлоого жалпысынан 1,5 миллиондой Молдованын жараны добуш берсе, Санду үчүн 500 миңден ашуун шайлоочу добуш берген.

Президенттик шайлоо менен катар эле Молдованын Евробиримдикке кошулуусу боюнча референдум да өтүп, добуштарынын 85% саналды. Шайлоочулардын 46% колдосо, 54% каршы добуш беришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM