Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кызыл-Омполдон титаномагнетит кенин өндүрө баштайт

Кыска кабар | 25 Сен 2024 | 89 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Таш-Булак участогунда Кыргызстандагы эң ири титаномагнетит кени – Кызыл-Омполду иштетүүгө капсула салды.

Жапаров бул ресурсту өздөштүрүү мамлекет тарабынан колго алынып, долбоорду каржылоо булактары аныктала турганын белгиледи.

«Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү окуя. Кызыл-Омпол кенинде миллиондогон тонна титомагнетит бар. Титан — медицинада, авиацияда жана астронавтикада ар кандай тармактарда колдонулган баалуу металл. Бул тармакты өнүктүрүү экспорттун көлөмүн гана көбөйтпөстөн, жаңы жумушчу орундарды түзүүгө мүмкүндүк берет, бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берет», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле титаномагнетитти алууда уран, торий өңдүү кошумча пайдалуу кендерди коопсуз казып алууну камсыз кыла турган  технологиялар колдонуларын айтты. Бул элементтер эл аралык коопсуздук стандарттарын катуу сактап ташыларына убада берди.

Быйыл июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Хами шаарында кен иштетүү менен алектенген кытайлык (Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd) компаниянын директору Сяо Чжихай менен жолуккан.

Тараптар Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселесин карашкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому менен кытайлык компаниянын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү морандумуна кол коюлган.

Жогорудагы компания дүйнөлүк алдыңкы заманбап жабдуулар менен камтылган жана жогорку даражалуу адистер тартылган.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM