Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 78 | 0

Кызыл-Кыя шаарында жол кырсыгынан 4 адам мерт кетти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда түнкү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 76-800-чакырымында Ош облусунун Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц-211» үлгүсүндөгү автоунаасы менен каршы тилкеге чыгып кеткен.

Натыйжада каршы багытта келе жаткан Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А. аттуу тургунунун «Хонда-Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жол кырсыктын жагдайлары боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM