Балыкчыда жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башмармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-октябрда болжол менен саат 17:10 чамасында Балыкчы шаарынын Аманбаев жана Туманов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаасы менен 2011-жылы туулган М.А. аттуу кызды сүзүп, качып кеткен.
Бул факты боюнча Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын 1980-жылы туулган У.А. аттуу айдоочусун кармашкан.
Унаа айып короо жайына киргизилип, ал эми айдоочу андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүп берилди.