Биз менен байланышыңыз

Ливанда пейджерлердин жарылуусунан 9 адам каза таап, 3000ге жакын адам жаракат алды

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2024 | 125 | 0

18-сентябрда  Израилдин чалгындоо кызматы Ливандын «Хезболла» тобу алып келген 5 миң пейlжерге жардыргыч заттарды койгонун Ливандын жогорку даражалуу коопсуздук булагы Reuters агенттигине билдирген.

Ливандын куралдуу тобунун жана «Хезболла» тобунун жүздөгөн мүчөлөрү алар бир убакта колдонуп жаткан пейджерлери жарыла баштагандан кийин жарадар болушкан.

Көзөмөл камераларынан алынган видеолордун биринде соода борборунда болгон адамдын чөнтөгүнөн жарылуу болгонун көрүүгө болот.

Ливандын бийлиги жардыруулардан тогуз адам каза болуп, үч миңге жакын адам түрдүү жаракат алып, алардын ичинен 200гө жакыны оор абалда экенин тастыктады.

Жарадар болгондордун арасында Хезболланын согушкерлери жана дарыгерлери, Ирандын Ливандагы элчиси да бар. Иран телеканалынын маалыматына караганда, анын өмүрүнө коркунуч жок жана алган жарааты жеңил.

Ливандын мамлекеттик маалымат агенттиги жардыруулар борбор шаар Бейруттун Хезболланын таянычы деп эсептелген түштүк району жана өлкөнүн бир катар башка аймактарында болгонун кабарлады.

“Хезболла” эки согушкери жана сегиз жаштагы кыздын өлгөнүн билдирди. Франс Пресс агенттиги маалымдагандай, каза тапкан 8 жаштагы кыз уюмдун мүчөлөрүнүн биринин кызы болгон.

Ливандын коопсуздук булагы пейджерлерди Тайвандык Gold Apollo компаниясы жасаганын айтты, бирок компания бул аппараттарды чыгарбаганын, анын брендин колдонууга укугу бар европалык фирма тарабынан жасалганын билдирген.
Иран колдогон “Хезболла” Израилден өч аларын убада кылды, анын аскерлери жардыруулар боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
Хезболланын согушкерлери Израилдин чалгындоо кызматынан өздөрүнүн изин жашыруу максатында байланыш үчүн пейджерлерди колдонуп келишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM