Биз менен байланышыңыз

II «Борбор Азия-Германия» саммитинде эмнелер талкууланды?

Саясат | 17 Сен 2024 | 827 | 0

Бүгүн, 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул «Борбор Азия-Германия» саммити экинчи жолу өтүп жатат. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. 

Саммитте инвестициялар жана технологиялар, «жашыл» энергетика, транспорттук жана логистикалык байланыштар, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, ошондой эле билим берүү жана маданий программаларды ишке ашыруу чөйрөлөрүндөгү өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бул жолугушуу Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этет? Жыйынтыгы кандай болот? Серепчилер менен бирге талдайбыз.

Президент Садыр Жапаров Астанада Германиянын канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүөрдү жүргүздү. Анда кыргыз-герман күн тартибинин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелер талкууланды.

Президент Жапаров Кыргызстан Евробиримдиктин маанилүү өнөктөшүнүн бири болгон Германия менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалай турганын белгиледи. Кыргыз тарап Германия менен экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө  көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү байкалаарлык өсүп жатканына токтолду.

Президент Кыргызстандын башкы милдеттеринин бири чет элдик инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө экенин, бул багытта Германия кыргыз тарап үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналарын айтты.

Канцлер Олаф Шольц Кыргызстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин белгилеп, эң актуалдуу маселелердин бири – немис ишканаларын кызыктырган Кыргызстандан Германияга адистердин миграциясы маселесине токтолду.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнү Германияга эң маанилүү материалдарды жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү негизги приоритет экендигин жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле транспорттук-логистикалык тармактагы байланыштарды чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин кошумчалады.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Германиянын ири компаниялары менен инвестициялык жана технологиялык өнөктөштүктү кеңейтүү керектигин жана бул тармактын артыкчылыктарына токтолду. Ошондой эле товар жүгүртүүдөө транспорт тармагын дагы да жакшыртуу керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Садыр Жапаров самитте сөз сүйлөп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн дүйнөдө деңгээли жогорулап жатканын айтып, Германияны климат, энергетика сыяктуу бир катар багыттарда кызматташууга чакырды.

«Биздин региондо өнүгүү үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар: гидроресурстары менен кошо табигый ресурстарга, металлдардын бардык түрлөрүнө, анын ичинде сейрек кездешүүчү металлдарга, “жашыл энергетиканын” бардык түрүнүн зор потенциалына, динамикалуу, эмгекчил жана жогорку билимдүү адам ресурстарына бай.

Суу-энергетикалык ресурстар темасын улай, эң ири регионалдык долбоорлордун бири болуп кала турган Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун өзүнчө бөлүп айткым келет.

Азыркы учурда биз өлкөдө ушул жана башка гидроэнергетикалык объекттерди куруу үчүн инвесторлорду жана технологияларды тартуу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз», — дейт Садыр Жапаров.

Албетте, ар бир ишкер тигил же бул өлкөгө каражат салуунун – инвестиция жасоонун алдында, өз салымдарынын экономикалык аспектилерин, мыйзамдарды, коопсуздук жана кепилдик маселелерин изилдейт.карата бөгөт коюу чараларын колдонуунун тартибин белгилейт».

Саясат талдоочу Марс Сариев биринчи жолу өткөн «Борбор Азия-Германия»саммитинде жөн гана сүйлөшүүлөр болуп, юридикалык келишимдер болбогондугун айтып, бул жолку саммитте Германия менен Борбор Азиянын ортосунда гидроэнергетика, мунай жана кен тармагында кызматашуу болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

«Менин оюмча, бул жолугушуу көп тармактуу кызматташуу менен жыйынтыкталат. Анткени, азыркы учурда Германия Орусия менен болгон кызматташууну токтоткон. Ошол себептен Германия энергетикалык ресурстага, кен-байлык жана башка керектүү нерселерге муктаж болуп турган учур. Ал эми Борбор Азия технология жаатында Германия менен тыгыз кызматашууга кызыктар».

Ошондой эле ал «5+1» саммиттери Борбор Азияны Орусиянын таасиринен алыстатуу максатында да уюштурулганын кошумчалады. Анын айтымында, Европа Борбор Азия  менен энергетикалык ресурстар жаатында жана кен байлык багытында кызматташууга, көп суммадагы инвестиция тартууга кызыктар.

Саясий эксперт Эмил Жороевдин пикиринде, бул жолку саммит буга чейин дүйнөдөгү чоң державалардын Борбор Азия менен диалог курууга жасаган аракеттеринин уландысы.

Буга чейинки саммиттерде геосаясий абал көбүрөөк талкууланса, бул жолку саммитте ички кызматташууга көбүрөөк басым жасалалганына токтолду.

«Бул саммитте ар кандай стратегиялык маанидеги, экономикалык, соода жүргүртүү жана энергетика жаатында маселелер көбүрөөк талкуулана баштады. Ошону менен бирге Борбор Азия өлкөлөрүн эмгек миграция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү, биздин жарандар өнүккөн өлкөлөрдө кесиптик негизде иштөөгө укук алуусу тууралуу талкуулар да болду. Албетте, бул Кыргызстан үчүн, дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн өлкө менен мындай кызматташуу маанилүү нерсе».

Ошондой эле ал Германия жана башка өнүккөн өлкөлөр инвестиция салуу менен бирге ар кандай талаптарды да коюшу мүмүмкүндүгүн, буга чейин да коюп келишкенин кошумчалады. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери үчүн бул маселе көнүмүш адатка айланып калганын жана алардын жообу да окшош деген пикирин билдирди.

Талдоочу Бактыбек Жумагулов Борбор Азия менен Германиянын алака-катышы тууралуу буларга токтолду.

«Германия менен кызматташуу Евробримдик менен кызматташуу дегенге барабар. Анткени Германия Евробримдиктин негизги лидери болуп саналат. Борбор Азия Евробримдик менен кызматшуу да экономинка, энергетика жаатында алга жыла алат. Ошондой эле Германия менен жашыл энергетика тармагында тажрыйба алмашып, кызматташууну күчөтүү керек. Ошондой элек эмгек мигранттарын тартуу маселеси да жолго коюлуп жатат. Буга чейин Түркия менен Германиянын ортосунда ушундай практика болгон. Ал жакка барып жөн гана акча табуу максатында эмес, жаңы технологияларды үйрөнүп, аны өлкөгө тарттуу маселеси да бар».

Германиянын канцлери менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусу биринчи жолу 2023-жылы Германиянын Берлин шаарында болгон.

Бул жолугушуу Орусия менен Украина ортосундагы согуш башталгандан бери экинчи жолу өтүүдө.

Буга чейин да бир канча жолу “5+1” форматында саммиттер өтүп келеген. Алгачкы жолу Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы саммит Нью-Йорк шаарында болгон. Андан соң “Борбор Азия- Евробримдик”, “Борбор Азия- Кытай”, “Борбор Азия-Арап өлкөлөрүнүн” ортосунда саммит болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM