Биз менен байланышыңыз

Депутаттар жаңы окутуу графигин сындашты

Кыска кабар | 11 Сен 2024 | 147 | 0

Жогорку Кеңештин 11-сентябрдагы жыйынында бир катар депутат Бишкектеги мектептерде окутуу таңкы саат жети жарымда, университеттерде саат ондон баштоо тууралуу мэриянын чечимин сынга алышты.

Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев жарандардан да көптөгөн кайрылуу келип жатканын белгиледи.

“Балдарды саат жетиде окууга жөнөтүү үчүн алтыда тургузуу керек. Ал эми түштөн кийинки окугандардын сабагы кеч бүтүп, окуучулар кечки саат 8-9да үйүнө барат. Кечки тамактануусу 10-11лерде болуп калат. Эксперимент катары мындай ыкма жасалбашы керек болчу. Министрлер кабинети бул маселени ыкчам түрдө карап, чечиши зарыл”, – деди спикер.

Депутаттар Дастан Бекешев менен Марлен Маматалиев да мектеп окуучуларынын, студенттердин окуусуна тиешелүү бул чечим калаадагы тыгынды азайтпастан, тескерисинче, ыңгайсыздык жаратканын белгилеп, маселени тез арада чечүү керектигин билдиришкен.

Бишкек мэриясы 1-сентябрдан тарта 44 мектепте сабак саат 7:30да башталарын буга чейин кабарлаган. Учурда 14 мектепте сабактар саат 7:30да башталат. Жаңы окуу жылында дагы 30 мектепте окутуу таңкы саат 7:30да башталат.

26-июлда жарыяланган токтомго ылайык, мектептерде сабактарды саат 08:00дөн эрте баштоого уруксат берилген.

Бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектепте 198 миң 129 бала окуйт, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 миң 893 окуучуга туура келет.

198 миң 129 окуучунун ичинен 90 миң 599 бала кичиучастоктордон тышкары билим алышат, 7 миң 842 бала Чүй облусунун жакынкы райондорунан Бишкек шаарына окууга келишет.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 миң 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары (36 жогорку, 77 орто кесиптик билим берүү мекемелери жана 16 кесиптик лицей) бар.

Ошентип, иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42%ы же 44 мектеп эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлгөн.

Мындан тышкары, жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын эскерткен.

Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкекте ​жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактар ​​саат 10:00дөн эрте башталбайт.

Copyright © 2017 Maral FM