Connect with us

Армения Евробиримдик менен визасыз режим боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 368 | 0
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения менен Евробиримдик ортосунда визасыз режим боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
Армения жана Евробиримдик виза режимин кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу премьер-министр Никол Пашинян Еврокомиссия төрагасынын орун басары Маргаритис Схинас менен жолугушууда билдирди.

«Биздин мамилелерде олуттуу өзгөрүүлөр бар экенине кубанычтамын: виза режимин либералдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр башталды, Европа Тынчтык фонду аркылуу Арменияны колдоо чечими кабыл алынды, биз бул кадамды жогору баалайбыз», — деди Пашинян.

Ал кошумчалагандай, учурда Арменияда өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу маселеси боюнча талкуулар уланып жаткандыктан, Ереван Европадагы өнөктөштөрүнүн пикирлерин жана кеңештерин угуп жатканын белгиледи.

Армения менен Батыштын кызматташуусу Азербайжан менен болгон аскердик кагылышуудан кийин кайрадан активдешти. Ошол маалда Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) жардам сурап кайрылган, бирок уюм болгону «тынчсыздануу» жана «терең кайгыруу» билдирүүлөрү менен чектелген.

Февраль айында Армениянын парламент төрагасы Ален Симонян өлкө келечекте Евробиримдиктин мүчөсү болушу мүмкүн экенин жана бул үчүн Евробиримдик менен мамилелерди тереңдетүүнү көздөп жатканын айткан. Август айынын аягында Никол Пашинян Армения өкмөтү ЖККУдагы мүчөлүгүн токтото турганын жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM