Биз менен байланышыңыз

Жапония Чоң-Кемин дарыясына эки чакан ГЭС курууга 100 млн доллар инвестиция салат

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 150 | 0

Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жапонияга иш  сапарынын алкагында MurooSystems Corporation компаниясынын президенти Pan Zhongxin менен жолукту.

Анын жыйынтыгында Энергетика министрлиги менен жапон компаниясынын ортосунда Чоң-Кемин дарыясында жалпы кубаттуулугу 24-25 МВттык эки чакан ГЭСти куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары Баткен облусунда кубаттуулугу 100 МВтка чейинки күн фотоэлектр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты инвестордун өз алдынча жана өз каражатына же насыялык каржылоону тартуу менен жалпы кубаттуулугу 100 МВт чейин күн фотоэлектр станциясын куруу ниети болуп саналат.

Жапон компаниясы чакан ГЭС жана күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашырууга 100 млн АКШ долларга чейин инвестиция салууга убада берди.

Мындан тышкары энергетика министри Жапониядагы чакан ГЭСке барып, ГЭСтердин бетон дамбасынын курулушу, колдонулган материалдары, куруу технологиялары менен таанышты. Жапон энергетиктердин айтымында, бул өлкөдөгү ГЭСтердин 60%нын дамбасы бетондоо ыкмасы менен жасалган.

Жакында эле «Камбар-Ата-1» ГЭСнин дамбасын тандоо иш чарасы эксперттер менен биргеликте болуп өткөн. Анда эксперттердин көпчүлүгү бетон дамба курууну сунушташкан. Анткени бетондон жасалган дамба сапаттуу жана көп жылга туруктуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM