Connect with us

Өкмөт окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти

Кыска кабар | 10 Сен 2024 | 338 | 0

Министрлер кабинети мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө жобону бекитти.

Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Акылбек Жапаров билим берүү мекемелеринде окуучулардын ар түрдүү, толук кандуу жана пайдалуу тамактануусун уюштуруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, мектеп тамагынынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында кол койгону кабарланды.

Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга жергиликтүү бюджетти түзүүдө мүмкүнчүлүгүнө жараша жалпы билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда студенттердин тамактануусун колдоого акча каражаттарын караштыруу тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине 2025-жылдын аягына чейин, коомдук тамактануу тармагында кесиптик билими жок жалпы билим берүү уюмдарынын тамак-аш тармагындагы кызматкерлерин сертификациялоо, ошондой эле мектептеги тамактанууну уюштуруу боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин квалификациясын системалуу түрдө өркүндөтүү тапшырылды.

Copyright © 2017 Maral FM