Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучулары эл аралык олимпиадада үч медаль утушту

Кыска кабар | 9 Сен 2024 | 222 | 0

Египетте өткөн IOI2024 информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 2 күмүш, 1 коло медаль жана бир ардак грамота менен сыйланышты.

Медаль уткан төрт окуучунун ичинен үчөө «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин окуучулары экендигин аталган мекеме билдирди.

Олимпиадада Мурат Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков жана «Газпром» Кыргызстан мектебинин окуучусу Ян Борус күмүш медаль, «Манас Ата» Талас лицейинин 11-классынын окуучусу Байторо Майрамбеков коло медалга ээ болушту.

Ал эми Бишкектеги Чынгыз Айтматов атындагы лицейибиздин окуучусу Абдулазиз Лебиев ардак грамотага ээ болду.

Жалпы командалык эсепте кыргызстандык окуучулар 92 өлкөнүн ичинен 27-орунду камсыз кылышты.

Отуз алтынчы IOI 2024 информатика олимпиадасы 1-сентябрда башталып, 8-сентябрга чейин болду.

2000-жылдан бери кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 1 күмүш жана 17 коло медаль жеңип алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM