Биз менен байланышыңыз

«Женго» уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 9 Сен 2024 | 152 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, 2-сентябрда «Ак-Жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү беренеси менен соттолгон Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын октябрь айында Жалал-Абад облусунда криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бул иш-аракеттердин натыйжасында, А.У.Ж.нын жашаган жеринен  жашыруун алып жүрүү үчүн конструкциясы өзгөртүлгөн ок атуучу курал, ошондой эле ок-дарылар табылып алынган. Ошол кезде шектүү укук коргоо органдарынан качып кетүүгө үлгүргөн.

Азыркы учурда кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү УКМКнын Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM