Биз менен байланышыңыз

Президент дайындай турган кызматтарга талапкерди тандоодогу резюменин жаңы форматы бекитилди

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 358 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, мамлекет башчы, Министрлер кабинети, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди тандоонун алкагында резюменин жаңы форматы бекитилди.

Буга чейин президенттин 2023-жылдын 14-июнундагы тескемеси менен өлкө жетекчилиги тарабынан дайындалуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобо бекитилген.

Бул жобо жогоруда аталган номенклатурага кирген кызмат орундарына талапкерлерди тандоо маселелерин жөнгө салат. Тактап айтканда, тиешелүү талапкерди кароо максатында киргизиле турган документтердин тизмеси каралган.

Белгилей кетсек, президенттин 2024-жылдын 27-августундагы тескемеси менен талапкерге байланыштуу толук маалыматтар чагылдырылган резюменин жаңы форматы бекитилген.

Резюменин жаңы форматы төмөнкү маалыматтарды камтыйт:

— туулган жери;

— жашаган жери;

— билими;

— биринчи иштеген жеринен баштап азыркы же акыркы кызмат ордуна чейин ырааттуу тартипте талапкердин иш тажрыйбасы.

Өлкөнүн жетекчилигине тандоо жана дайындоо үчүн талапкерлерди иликтөө максатында Президенттин администрациясы резюменин ушул форматын жетекчиликке алууну өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM