Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Көпчүлүк аймакта жаан жаайт

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 189 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Кыргызгидромет билдиргендей, 7-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош жана Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан катуу жаайт.

Түндүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +19…+24,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +16…+18 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM