Биз менен байланышыңыз

Элчи Мамытканов «Азербайжан аба жолдорунун» жетекчиси менен жолукту

Кыска кабар | 6 Сен 2024 | 171 | 0

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов «Азербайжан аба жолдору» компаниясынын президенти Самир Рзаев менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар учурда иштеп жаткан Бишкек-Баку-Бишкек чартердик авиаркаттамын натыйжалуу пайдаланууга көмөктөшүү максатында авиаташуулар чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.

Кыргызстандын авиаташуучулары жана туристтик агенттери менен азербайжандык AZAL компаниясынын ортосундагы авиаташуулар жана туризм жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурулду.

Каттамдардын жыштыгын көбөйтүү, жаңы багыттарды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кийинки жумада AZALдын делегациясы Кыргызстанга келип, Бишкек менен Бакунун ортосунда Азербайжандын мамлекеттик авиаташуучусу «Азербайжан аба жолдору» туруктуу иштөө үчүн түз аба каттамын ачуу маселелерин иштеп чыгарын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM