Биз менен байланышыңыз

Бишкекте алтын куймаларын саткан дүкөн ачылды

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 192 | 0

Бишкекте «Кыргызалтын» ишканасында алтындын чендик куймалары сатыла турган фирмалык дүкөн ачылды. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Алтындын чендик куймалары 1 грамм, 2 грамм, 10 грамм, 20 грамм өлчөмдө сатыкка чыгат.

Ошондой эле сентябрь айынын аягына чейин 5 грамм, 31,1035 грамм (1 унция), 50 грамм жана 100 грамм өлчөмдөгү алтындын чендик куймалары сатып алуучуларга сунушталат.

Чендик куймаларды сатууда куймалардын аныктыгын тастыктаган милдеттүү түрдө өзүнчө QR коддун тиркелүүсү менен ишке ашырылат. Баалар Лондондун баалуу металлдар биржасындагы баанын негизинде күн сайын белгиленет.

«Кыргызалтын» ишканасы алтын куймаларын сатуунун максаты, аларды инвестициялык актив катары пайдалануу экенин билдирет.

Жеке жана юридикалык жактар баалуу металлдарды накталай же накталай эмес түрдө шаршембиден жекшембиге чейин саат 10:00дөн 19:00гө чейин (тыныгуу 13:00-14:00) төмөнкү даректен ээн-эркин сатып ала алышат:

Бишкек шаары, Т.Абдымомунов көчөсү 195.

Финсабатка саякат: Акчаңызды алтын катары сактаңыз

Copyright © 2017 Maral FM