Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүндү

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 237 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кат жиберди. Бул тууралуу «Маралга» парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Чолпон Султанбекова тастыктады.

«Катты эртең менен эле алдым. Сессия башталып калгандыктан жакшыраак карай да элекмин. Эми мен аны фракцияларга таратып берем. Фракциялар, алардын лидерлери жана депутаттар менен сүйлөшүүлөр болот. Андан кийин маселе күн тартибине чыгабы же чыкпайбы анан белгилүү болот. Балким күн тартибине чыкпашы да мүмкүн. Азырынча бир нерсе деп айтууга эрте» , — деди депутат Султанбекова.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Ал 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Акаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишим түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү боюнча айып тагылган.

Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендиктен Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM