Биз менен байланышыңыз

Министрдин орун басары Авазбек Атаханов Пакистанга элчи болду

Кыска кабар | 5 Сен 2024 | 130 | 0

Авазбек Атаханов Кыргызстандын Пакистандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп буга чейин Уланбек Тотуяев иштеген. Аны быйыл 27-июнда президент өзүнө жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошоткон.

Андан кийин Уланбек Тотуяев “Азаттыкка” курган маегинде кызматтан алынышына тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен анын орун басары Авазбек Атахановдун жеке дооматы себеп болушу мүмкүндүгүн айткан.

Тышкы иштер министрлиги анын дооматтарына жооп берип, экс-элчи Уланбек Тотуяев жетекчилиги алдындагы кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп, ыйгарым укуктарынан тыш көрсөтмөлөрдү берип, аларга этикага туура келбеген мамиле жасап, күнүмдүк көйгөйлөрүн чечпей, жашоого ылайыксыз шарттарды түзүп, жатакана тибиндеги тар батирлерде жашоого мажбурлап келгенин айткан.

Авазбек Атаханов 2023-жылдын 30-августунан бери Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Copyright © 2017 Maral FM