Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Казакстан бирге спутник учурууну пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 254 | 0

Казакстан менен Өзбекстандын Санариптик өнүктүрүү министрликтеринин башчыларынын жолугушуусу болуп, анда космостук спутниктерди биргелешип учуруунун келечеги жана максаттары талкууланды.

Бул тууралуу Өзбекстандын Санариптик технологиялар министрлигинин басма сөз кызматына таянып, Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Спутниктер 2024-жылдын аягына чейин даяр болору айтылды.

Тараптар эки өлкөнүн катышуусу менен космоско жасалма спутниктердин тобун биргелешип жөнөтүү боюнча кызматташуу жана жылдын аягына чейин аналитикалык маалыматтарды талдоонун негизинде сунуштарды иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM