Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаардык соту төрт журналистти камакта калтырды

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 235 | 0
Сүрөт социалдык тармактан алынды

Бүгүн, 4-сентябрда Бишкек шаардык соту «Темиров Live» медиасынын төрт журналисти Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров, Айке Бейшекеева, Азамат Ишенбековдун баш коргоо чарасын карап, камакта калтырды.

Айыпталуучулардын адвокаттары буга чейин Ленин райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен кайрылып, журналисттердин бөгөт чарасын кайра карап берүүнү суранышкан.

Шаардык соттун судьясы өтүнүчтү канааттандырбай, төрт журналистти 8-октябрга чейин тергөө абагында калтырды.

Быйыл 16-январда «Айт, айт десе», «Темиров LIVE» долбоорлорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Камакка алынган он бир журналисттин жетөө үй камагына чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM