Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Нарында бычакталган келинге узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 612 | 0

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алганын аталган мекемеден кабарлашты.

Акыйкатчы институтунун Нарын облусундагы өкүлү жолдошу тарабынан бычакталып, оор абалда облустук ооруканада жаткан келинден кабар алды. Маалым болгондой, келиндин моюнуна жана денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу бычак сайылган. Жабырлануучу жолдошу ага буга чейин да зомбулук көрсөтүп келгенин, ушул жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткенин айтып берген. Үч баласы учурда келиндин инисинин кароосунда экени белгилүү болду.

«Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем», — деп айткан жабырлануучу.

Нарын облустук оорукананын тез жардам бөлүмүнө 31-августта саат 11:00 чамасында Нарын шаарында жайгашкан Он-Арча базарынан жолдошу аялын бычак менен сайып салганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам тергөө тобу барган учурда 42 жаштагы жаран базардын ичиндеги ашканада ашпозчу болуп эмгектенген келинчегин ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган.

Кармалган адам 1-сентябрда Нарын шаардык соту тарабынан эки айга камакка алынды. Ага «Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү-башка кишинин өмүрүн кыюга аркеттенүү беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучу С.А Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынары айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM