Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекети ачылды

Кыска кабар | 4 Сен 2024 | 155 | 0

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы жаңы «Бедел» өткөрүү пункту ачылды. Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган эки тараптын делегация мүчөлөрү катышты.

Төрөбаев бул жаңы транспорттук коридор Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган үчүнчү ири дарбаза жана көпүрө болуп, учурдагы каттамдардын саны кеңейерин билдирди.

«Бедел» өткөрүү пункту жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылышы болду. Азыркы учурга карата электр чубалгылары тартылган, өткөрүү пунктуна алып барган «Барскоон-Учтурфан-Аксу» унаа жолунун 58 чакырымына убактылуу жол салынып, көпүрөлөр курулган.

Ал эми толук кандуу эл аралык стандарттарга ылайык, унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат.

Ошондой эле, эки жылдын ичинде «Цемент-Там» участогунда толук кандуу заманбап инспекциялык текшерүү комплексинин курулушу пландалууда. Алдыда аткарыла турган иштер тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан презентация жасалды.

Copyright © 2017 Maral FM