Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга визасыз келгендерди каттоо тартиби өзгөрдү

Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 161 | 0

5-сентябрдан тарта Министрлер кабинетинин “Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстандын аймагында жүрүү маселелери жөнүндө” токтому күчүнө кирет.

Ага ылайык, өлкө аймагына визасыз келген өлкөлөр менен болгон каттоонун тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Алар — Орусия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларус, Грузия, Азербайжан, Молдова.

Эгер мурда бул өлкөлөрдүн жарандарын каттоо алты айга жүргүзүлсө, анда Кыргызстандын аймагында узак убакыт бою жеке максаттарда визасыз жүрүү режими бар өлкөлөрдүн жарандарын каттоо бир катар талаптардын негизинде гана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында болууга укук берүүчү (кыска мөөнөткө келген чет өлкөлүк жарандардан тышкары):

— жашап турууга уруксат;

— жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;

— “Кайрылман” күбөлүгү;

— “Мекен-карт” күбөлүгү.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин (Армения, Беларус, Казакстан, Орусия) жарандары өлкөгө кирген учурдан тарта ар бир 180 күндүк мезгил ичинде документтерди тариздебей дээрлик 90 күнгө чейин жүрө алышат.

Тажикстандын, Грузиянын, Азербайжандын жана Молдованын жарандары өлкөгө кирген учурдан тарта ар бир 60 күндүн ичинде документтерди тариздебей жалпысынан 120 күнгө чейин жүрө алышат.

Каттоодон өтпөгөн жарандар өлкөдөн чыгууга милдеттүү болушат жана тиешелүү түрдө 60 же 90 календардык күндөн кийин кайра кире алышат.

Жеке максаттарда жүргөн жарандар үчүн убактылуу жашап турууга уруксат берүү каралган, ал 15 жумушчу күндүн ичинде 1 жылга жарактуу мөөнөтү менен, андан кийин жыл сайын, бирок 5 жылдан ашык эмес узартуу менен берилет.

Жашап турууга убактылуу уруксатты тариздөө маселеси боюнча Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин же калкты тейлөө борборлоруна кайрылуу зарыл.

Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына кирген күндөн тарта белгилүү бир мөөнөткө милдеттүү каттоодон төмөнкү өлкөлөрдүн жарандары бошотулат:

Орусия , Казакстан, Беларус, Армения – 30 күн;

Азербайжан – 15 күн;

Тажикстан – 60 күн;

Грузия – 90 күн.

Молдованын жарандары өлкөгө кирген күндөн тарта 5 жумушчу күндүн ичинде каттоодон өтүүгө милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM