Биз менен байланышыңыз

Түркия БРИКСке кошулууга расмий түрдө арыз тапшырды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 282 | 0

Бир нече ай мурун түрк бийлиги өнүгүп келе жаткан экономикасы бар өлкөлөрдү бириктирген БРИКС тобуна кошулууга расмий арыз бергенин Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди.

БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa).

2024-жылдын январында уюмга Египет, Иран, БАЭ жана Эфиопия кошулган. Малайзия, Таиланд жана Азербайжан кошулууга арыз беришкен.

БРИКСтин кезектеги саммити 22-24-октябрда Орусияда өтөт, анда аны кеңейтүү маселеси талкууланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM