Биз менен байланышыңыз

Өкмөт үйүнүн эски имараты эки министрликке берилди

Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 275 | 0

Президенттик администрациянын Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан эски имараты Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.

Имаратты министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Экономика министри Данияр Амангелдиевге тапшырды.

Буга чейин президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев эски өкмөт үйү Бишкек шаардык мэриясына өткөрүлөрүн айткан.

Президенттин администрациясы “Ынтымак Ордо” деп аталган жаңы имаратка 30-августта көчкөн. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бул долбоор өлкөнүн административдик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча масштабдуу пландын башталышы экенин, жакында жаңы административдик шаарчанын курулушу башталарын айткан.

Бардык министрликтер жана ведомстволор бир жерге курулат. Бул шаарча соңку заманбап талаптарды жана стандарттарды эске алып, мамлекеттик органдардын эффективдүү иштеши үчүн бардык шарттары камтыйт.

Өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, учурда “Ынтымак Ордого” экскурсия уюштурулууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM