Биз менен байланышыңыз

Доллар арзандоодо. Валюта курсу тууралуу маалымат

Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 297 | 0

Кыргызстанда акыркы суткада доллардын, евронун, орус рублинин жана теңгенин сомго карата расмий курсу төмөндөгөнү байкалууда.

Бүгүн, 3-сентябрда эртең менен Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларында бир доллар орто эсеп менен 84,48 сомдон сатып алынып, 84,96 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу боюнча бир доллар 84,73 сомду түздү (төмөндөө – 0,22 пайыз).

Евронун да сомго карата курсу арзандады. Бүгүнкү күндө орто эсеп менен 92,89 сомдон сатып алынып, 93,84 сомдон сатылууда.

Расмий курс 93,77 сомду түздү (төмөндөө – 0,3 пайыз).

Орус рубли кымбаттаганы байкалып, 0,919 сомдон сатып алынып, 0,95 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын курсу 0,9314 сомду түздү (өсүү — 0,58 пайыз).

Казак теңгесинин курсу да бир күндө бир аз төмөндөдү. Учурда 0,1217 сомдон сатылып алынса, 0,1892 сомдон сатылууда.

Расмий курс – 0,1756 сом (төмөндөө – 0,39 пайыз).

Copyright © 2017 Maral FM