Биз менен байланышыңыз

Бир аптада 259 мас айдоочу аныкталды

Кыска кабар | 3 Сен 2024 | 111 | 0

Кыргызстанда 26-августтан 1-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 22 миң 769 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Анын ичинде мас абалында авто таранспорт каражатын башкарган 259 айдоочу аныкталды. Ал эми тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкарган 645 учур катталды.

Мындан тышкары, автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан 72 айдоочу, белгиленген ылдамдыктан ашуу боюнча 4881 учур, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулары 522, машинени эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 3672 учур, авто ээнбаштык – 13, жалган мамлекттик номуру менен жүргөн үч айдоочу катталды.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1634 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM