Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандыктар үчүн бул күздө күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жана окуялар

Блог | 4 Сен 2024 | 600 | 0

Кыргызстандыктарды быйыл күзүндө бир катар өзгөрүүлөр жана маанилүү окуялар күтүп турат. «Марал» радиосу 2024-жылдын күзүнө пландалган жаңы эрежелер, иш-чаралар жана мааракелер тууралуу маалыматтарды топтоду.

Алыскы аймактардагы мектептерге 50 автобус берилет

Мектеп автобустарын алуу боюнча Министрлер Кабинети менен «Евразия» автономдуу коммерциялык эмес уюмунун ортосунда келишимге кол коюлган.

Билим берүү жана илим министрлиги автобустар алыскы райондордогу мектептерге берилерин билдирди.

Дарыгерлердин эмгек маянасы 50 пайызга көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта дарыгерлердин эмгек акысы 50 пайызга көтөрүлөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айткан.

Ал эми орто медициналык персоналдын эмгек акысы 20 пайызга, кенже медициналык персоналдын эмгек акысы 10 пайызга жогорулайт. Жогорулатылган маяналарды дарыгерлер октябрь айынын башында алат.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Астана шаарында өтөт

8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары болуп өтөт. Катыша турган кыргызстандык спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр. Жалпы экипировка 10 элементтен турат: параддык форма (ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым), спорттук форма (баш кийим, куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак).

Бишкектеги борбордук футбол стадиону жаңыланып, ишке берилет

Буга чейин маалымдалгандай, борбордук стадион реконструкцияланууда. Трибунанын алдында жайгашкан бөлмөлөрү оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, гибриддик оюн талаасы, жаңы автоматтык сугаруу системасы, жарыктандыруу шам-чырактары орнотулуп, чуркоо аянтчалары менен отургучтар жаңыланат.

Бул иштерди «Кыргыз курулуш» мамлекеттик уюму ишке ашырууда, анда Кыргыз футбол биримдиги өз консультативдик кеңешин берет.

План боюнча реконструкция толугу менен ушул айда аяктайт.

Бир катар футболдук беттештер орун алат

5-сентябрда Ала-Тоо аянтында Кыргызстан менен Ирандын футбол курама командаларынын беттеши түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Оюн саат 22:00дө башталат. Беттеш Ала-Тоо аянтында лэд экранда түз эфирде көрсөтүлөт.

Ошондой эле 10-сентябрда Кыргызстандын улуттук курамасы Өзбекстан менен да беттеш өткөрөт. Оюн учурда реконструкцияланып жаткан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болору күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, футбол беттеши 2026-жылы өтүүчү дүйнө чемпионатынын тандап алуу турунун алкагында өтөт.

Ички каттамдардын учак билеттери арзандашы күтүлүүдө

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы 27-сентябрдан тарта бардык багыттар боюнча ички каттамдарды ишке киргизерин жарыялады.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдиргендей, эми Талас, Нарын жана Караколго да учууга болот.

“Авиа билеттердин баасы 2000 сомдон башталат. Asman Airlines кардарлар үчүн бир нече тарифтерди сунуштайт: супер эконом (7 кг кол жүк менен гана), фул эконом (15 кг жүк жана кол жүк), флекс эконом (15 кг жүк, 7 кг кол жүк, орун тандоо мүмкүнчүлүгү жана кезексиз тейлөө).

 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сом болот

1-октябрдан тарта пенсионерлер колуна 6900 сомдон кем эмес пенсия ала баштайт. Социалдык фонддун маалыматына караганда, пенсия эки этап менен көтөрүлөт. Биринчиси 1-июлдан баштап, мында бардык пенсиянын базалык бөлүгү 3500 сомго жеткирилген. Ал эми 2-этабында пенсия 6900 сомдон кем болбойт. Соцфонд Кыргызстанда жакынкы аралыкта пенсия курагын көтөрүү планы жок экенин билдирди.

Өлкө башчысы пенсияларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.

«Каракол» аэропорту ишке берилет

Саатына 250 жүргүнчүнү өткөрө ала турган аэробекеттик комплекстин курулушу жакынкы арада аяктайт. Бул аэропорттун жалпы аянты болжол менен 8 миң чарчы метрди түзөт.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бул объекттин курулушу быйыл күзүндө бүткөрүлүп, объект пайдаланууга берилерин билдирди.

Долбоорго ылайык, жасалма учуу тилкесин 400 метрге узартуу пландалууда. Бул өзгөртүү эки моторлуу, орто аралыктагы кууш фюзеляждуу жүргүнчүлөрдү ташуучу, кыска жана орто аралыкка учуучу учактарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Быйыл күзүндө BIF жана «Жашыл экономика» форуму өтөт

Бишкек инвестициялык форуму (BIF) быйыл күзүндө 24-25-октябрда өтөт. Бул тууралуу JIA бизнес-ассоциациясынан кабарлашты.

Иш чара чакан жана орто бизнестин ири компаниялар, инвесторлор, парламентарийлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсү үчүн негизги аянтча болуп калууда.

2015-жылы негизделгенден бери форумда ондогон келечектүү бизнес долбоорлор сунушталып, аларга 20 миллион АКШ долларынан ашык инвестиция тартылган.

Форумдун алкагында Green Expo көргөзмөсү өтүп, анда компаниялар өздөрүнүн “жашыл” өнүмдөрүн жана кызматтарын көрсөтүшөт.

Ноябрдан тарта электрондук соода аянтчалары ЭТТК колдонууга милдеттендирилет

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы токтомуна ылайык, товарларды калкка сатуу жана экспорттоо үчүн интернетте электрондук соода платформасын берүүчү субъектилер 1-ноябрдан баштап электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдетүү.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Электрондук соода платформасын берген субъектилерге товарларды жеткирүүнү ишке ашырган жактар 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ЭТТКны тариздөөдөн бошотулган, бирок ЭТТК системасында «Эсептен чыгаруу» операциясын аткарууга милдеттүү.

Ошондой эле жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер салык органынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган электрондук соода платформасында товарларды сатууда ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат.

Бул бошотуу товарларды электрондук соода платформалары аркылуу калкка, соода платформасынын операторуна сатууда, ошондой эле экспорттоодо колдонулат.

Интеграция боюнча толук маалымат алуу үчүн соода платформаларынын өкүлдөрү 0312 61-01-98 номерине кайрылса болот.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM