Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айдоочу жөө өтмөктөн эки окуучуну сүзүп кетти

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 563 | 0

Бишкекте 24 жаштагы айдоочу Ж. у. М. эки окуучу кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Шаардык милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кырсык 2-сентябрда саат 07:30 чамасында болгон. Маалыматка караганда, Audi-80 үлгүсүндөгү унаа Тыналиев көчөсү менен бара жатып, жөө адамдар өтө турган жолдон өтүп бара жаткан окуучуларды сүзүп кеткен.

14 жаштагы Ш.А. жана 15 жаштагы Ш.Д. жараат алып, ооруканага жаткырылган.

Унаа айып короого киргизилип, айдоочу милицияга жеткирилген. Топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бардык керектүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында Жазык-процессуалдык кодексине ылайык юридикалык баа берилери кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM