Биз менен байланышыңыз

Ноябрдан тарта электрондук соода аянтчалары ЭТТК колдонууга милдеттендирилет

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 174 | 0

Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-августундагы токтомуна ылайык, товарларды калкка сатуу жана экспорттоо үчүн интернетте электрондук соода платформасын берүүчү субъектилер 1-ноябрдан баштап электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды колдонууга милдетүү.

Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Электрондук соода платформасын берген субъектилерге товарларды жеткирүүнү ишке ашырган жактар 2024-жылдын 1-ноябрына чейин ЭТТКны тариздөөдөн бошотулган, бирок ЭТТК системасында «Эсептен чыгаруу» операциясын аткарууга милдеттүү.

Ошондой эле жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер салык органынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган электрондук соода платформасында товарларды сатууда ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат.

Бул бошотуу товарларды электрондук соода платформалары аркылуу калкка, соода платформасынын операторуна сатууда, ошондой эле экспорттоодо колдонулат.

Интеграция боюнча толук маалымат алуу үчүн соода платформаларынын өкүлдөрү 0312 61-01-98 номерине кайрылса болот.

Быйыл өлкөдө товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүнө (ЭТТН), көзөмөл-кассалык аппараттарга (ККМ) карата бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM