Биз менен байланышыңыз

Милиция: Нарында аялын бычактаган жаран эки айга камакка алынды

Кыска кабар | 2 Сен 2024 | 218 | 0

Нарын облустук милициясы социалдык тармакта күйөөсү аялын иштеп жаткан жеринде бычактаган видео тууралуу маалымат берди.

Нарын облустук оорукананын тез жардам бөлүмүнө 31-августта саат 11:00 чамасында Нарын шаарында жайгашкан Он-Арча базарынан жолдошу аялын бычак менен сайып салганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

“Ыкчам тергөө тобу барган учурда Нарын шаарынын тургуну 1982-жылы туулган  М.Н. келинчеги Он-Арча базарынын ичиндеги ашканада ашпозчу болуп эмгектенген 1983-жылы туулган С.Аны ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 1-сентябрда Нарын шаардык соту тарабынан кармалган адамдын баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды.

Жабырлануучу С.А Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM