Биз менен байланышыңыз

31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтына 80 миңден ашык киши келген

Кыска кабар | 1 Сен 2024 | 122 | 0

31-август Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жана Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгын белгилөө Бишкектеги Ала-Тоо аянтында болду. Негизги майрамдык иш-чарага 80 миңден ашуун жаран келгенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Майрамдык иш-чарага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, Бишкектин тургундары жана коноктору катышты.

Майрамдык иш-чара сахналаштырылган оюн-зооктор коюлуп, жергиликтүү жана Орусия, Казаксатан, Жапония жана башка чет элдик ырчылар Ырдады.

1990-жылы октябрь айында Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши мамлекеттин аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда республиканын Эгемендик тууралуу декларациясын кабыл алган. 1991-жылы 31-августта эгемендүүлүк күнү жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM