Биз менен байланышыңыз

Президент бүгүн 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышына старт берди

Кыска кабар | 30 Авг 2024 | 265 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Чүй облусунун Кемин районундагы “Терек-Таш” клинкер заводунун ачылышына катышты. Анда ал Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата 100 объекти куруу өлкө үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур экенин айтты.

Бир эле учурда онлайн форматта мамлекет башчысынын катышуусу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышы болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө өлкө жетекчилигинин бюджетти көбөйтүү жана экономикалык шарттарды түзүү аракеттери оң натыйжаларды бергенин баса белгиледи.

Салык мыйзамдары жеңилдетилип, ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Бул аракеттердин акыбети кайтып, чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымын камсыз кылды, — деген президент.

“Көптөгөн жылдар бою ар кандай себептер менен ишке ашпай келген “Камбар-Ата-1” ГЭСи жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болгон “Кытай — Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууга белсендик. Буюрса, аталган инфратүзүмдүк долбоорлор өлкөнүн өнүгүшүнө кубаттуу түрткү берет”, — деп белгиледи.

Садыр Жапаров “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өлкө боюнча өнөр жай жана социалдык объектилер ишке киргизилип жатканын эскертти.

““Терек-Таш” цемент чыгаруучу заводдун ачылышы менен катар эле Кадамжайда “Исфайрам-1”, Ноокатта “Курак-Тектир” чакан ГЭСтери, Ат-Башыда “Кара-Булак” соода-логистикалык аймагы, эт комбинаты, Нарында “Миң-Булак” курулуш материалдар ишканасы, Жайылда “Жунда” мунай заводу, Кара-Балтада алтын куймаларын чыгаруу заводу, Сузакта мунайды кайра иштетүүчү завод, Чаткалда алтын иргөөчү фабриканын жана башка ушуга окшогон бир катар өндүрүш ишканалардын бир учурда ачылышына күбө болобуз. Ошондой эле жаңы мектептерди, мектептерге кошумча имараттарды, бала бакчаларды, спорт залдарды расмий ачып, келечек ээлери болгон балдарыбызды кубандырганы турабыз”, — деди президент.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи болду.

Copyright © 2017 Maral FM