Connect with us

Памирден келген кыргыздарга 10 турак үй курулду

Кыска кабар | 25 Авг 2024 | 347 | 0

31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Памирден келген этникалык кыргыздарга деп 10 үй курулду. Бул тууралуу мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылындагы Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн 10 турак жай жакында пайдаланууга берилет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, үйлөрдүн курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордун тендердик баасы 82,9 млн сомду түзгөн.

Долбоор боюнча ар бир турак-жай эки үй-бүлөгө эсептелген, жалпысынан 10 үй курулат. Ар бир үйдүн жалпы аянты 180 чарчы метр, анын ичинде алты бөлмө болот.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 95%ы бүтүп, сырткы ажатканаларды куруу иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM